7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: Аскерге барбаган балдарга кыздар турмушка чыкпай эле коюш керек

380

Депутат кыздарды армияга барбаган жигиттерге турмушка чыкпай эле коюуну сунуштаса, ЖК төрагасы кызмат өтөбөгөндөрдү «илинип турган колбасага» салыштырды.

Надира Нарматова кыргызстандык жигиттерди армияда сөзсүз кызмат өтөшү керектигин белгилеп, ансыз эркектердин үй-бүлөгө жоопкерчилиги жок болуп жатканын айтты.

ЖК төрагасы эл өкүлүнүн сөзүн колдоп, акын Райкан Шүкүрбековдун ырын окуду:

Армияга барбаса, окуп, билим албаса,
Ал бала жөн эле илинип турган колбаса!

“Жигиттер армияга сөзсүз барышы керек. Ал жакта катуу тартип болушу зарыл, анча-мынча какус-кукус болот. Болор-болбос нерсеге ызылдай берген болбойт. Албетте, чектен ашып кеткен маалда тиешелүү комиссия жазасын берет”, — деди Нурланбек Тургунбек уулу.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

381