7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат балдарга майыптуулукту аныктоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштады

326

Депутат Гүлнара Акимбаева «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында балдарга майыптуулукту аныктоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө чакырды.

Анын айтымында, Кыргызстанда 37 миңден ашык майыптыгы бар бала жана 3 миңге жакын психикалык оорудан жабыркаган бала катталган.

Депутат көптөгөн ата-энелер майыптуулукту каттоодо татаал процедураларга туш болуп жатканын белгиледи. Тактап айтканда, үй-бүлөлөр документ чогултуу үчүн көптөгөн ирет тар чөйрөдөгү адистерден текшерүүдөн өтүүгө, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, Республикалык психикалык ден соолук борборуна жана медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга кайра-кайра кайрылууга мажбур болушууда.

Буга байланыштуу ал Саламаттык сактоо министрлигин балдар үчүн комиссиядан өтүү жана майыптуулукту каттоо тартибин жөнөкөйлөтүүгө чакырды.

327