7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат банкттардагы насыя пайызынын жогору болушунун себебин сурады

11

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков коммерциялык банктардагы насыялардын пайыздык чендери эмне үчүн жогору болуп жатканын сурады.

Ал белгилегендей, коммерциялык банктарда насыялар жылдык 15-20 пайыз менен берилет, ал эми Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан тартып жаткан жана Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган насыялар 0,5-1 пайыз менен берилүүдө.

«Эмне үчүн мынчалык айырма бар? Бул айырманы кыскартуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?», — деп суроо салды Самаков.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров эл аралык каржы институттары 1 пайыз менен валюталык насыяларды, ошондой эле инфраструктуралык жана жеңилдетилген насыяларды берерин билдирди.

«Бирок, өлкөдө депозиттик чендер да 15 пайызга чейин жогорулаган. Сом менен чендер жогору, ал эми чет өлкө валютасында төмөн. Бүгүнкү күндө доллар менен орточо чен 7-8 пайызды түзөт», — деп белгиледи ал.

12