Бүгүн 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында, депутат Нуржигит Кадырбеков өлкөбүздөн чыккан продукцияларды колдоп коюну экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевден суранды.
“Түркиялык жарандар Кыргызстанда жүрсө дагы түрк кафелерге барышат, Түркиянын продукцияларын алышат. Бул нерсеге абдан чоң маани беришет. Ошондуктан Түркиянын экономикасы өсүп жатат, анткени жарандары колдойт. Өкмөттүн жыйынында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп коюңузчу. Кыргызстандан чыккан продукцияга жок дегенде жылуу сөз айтып, колдоп коелу. Биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөр, элчиликтер дүйнө боюнча бар. Принципиалдуу түрдө биздин легенда, шоро продукцияларын алып бара турган кылыңыздар”-деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram