Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мектептерге жетпей жаткан китептерди алып берүүгө депутаттар дагы жардам берүү керектигин айтты.
«Билим берүү тармагындагы окуу китептерибиз өтө муктаж болуп жатат. Чындап эле келечегибиз үчүн бул маанилүү нерсе. Китепке 5 миллиард акча керектелет экен. Биз айлыгыбыздан бөлүп, Жогорку Кеңеш баштап берүүнү сунуштайт элем. Андан соң, мекеме-ишканалар, бизнесмендер айтор мыктылар улантып кетсин дагы, мектепти окуу-куралдар менен камсыз кылалы», — деди ал.