7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: Подружкаңыздан мамлекеттин кызыкчылыгы бийик турат, сиз менден кечирим сурайсыз!

347

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат судьяны коррупцияга айыптап, судья депутатты элдин алдында кечирим суроосун талап кылды.

Депутат Айбек Алтынбеков судья Нүргүл Бакировага кайрылды. Эл өкүлүнүн айтымында, Жалал-Абад шаарында Абилова аттуу жаран жашыл участокко мыйзамсыз кызыл китеп чыгартып алган. Кийин бул боюнча Мамкаттоонун кызматкери жоопко тартылып, айыпка жыгылган.

“Жалал-Абад шаарынын мэриясы сотто биринчи, экинчи инстанцияда утуп келет. Бирок Жогорку сотко келгенде эле сиз тарабынан дайыма процесс артка кайтарылууда. Сиз 2-3 жолу мамлекеттин кызыкчылыгын колдобой, жеке таанышыңызга жардам берип койдуңуз”, — деп судьяны жемеледи депутат. Алтынбеков УКМКга кайрылып, бул окуяны көзөмөлгө алууну суранды.

Жогорку соттун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Нүргүл Бакирова депутат анын дарегине атайын даярдалган сөздү айтканын билдирди. “Айбек Алтынбекович элдин алдында кечирим сурайт деп ойлойм. Мен өзүмө ишенген үчүн эл өкүлдөрүнүн алдына келип отурам”, — деди судья Бакирова.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

348