Бүгүн Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 2024-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктары жана 2025-жылга пландары боюнча маалымат жыйын болуп өттү.
Жыйында Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев журналисттерди кызыктырган суроолорго да жооп берип жатып, реновация боюнча кенен маалымат берди.
«Реновация бул замандын талабы. Реновация болмоюн жаңылануу болбойт. Өзүңөр билгендей, бүгүнкү күнү жер тар. Жер азайып бара жатат. Бишкек, Ош шаары болобу же башка шаарбы жер калбай бара жатат. Жерди кеңейте албайбыз. Башка элементтерди колдоно албайбыз, болгону реновация кылыш керек. Эски турак жайларды техникалык абалына жараша бузуп, ордуна жаңы үйлөрдү курушубуз керек»,- деди Орунтаев.
Посмотреть эту публикацию в Instagram