Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев сот системасына эл нааразы болуп жатканын билдирди.
“Кечээ, 1-ноябрда 4 депутат №1 СИЗОго кирип, камалгандар менен жолуктук. Ал жерде бир гана саясий негизде кармалгандар эмес, ар кандай негизде кармалган аялдар сот системасына абдан нааразы болушту. Айлап-жылдап сотту күтүшөт экен. Бир аялды 6 миң сом уурдадың деп 3 баласын калтырып, камап коюшуптур. Соту болбой жатканын айтты. Ал уурдабаганын айтты. Ал сыздап жатат», — деди ал.
Ошондой эле Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетинин кармалган мүчөлөрүн сот акыйкат карашы керек деп эсептегенин айтты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram