7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат Темирбаева БУУга караштуу Жашыл климат фондунун өкүлдөрү менен жолугушту

599

Бүгүн, 23-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Миргүл Темирбаева БУУнун алдындагы азык-түлүк уюмунун Жашыл климат фондунун өкүлдөрү Вироел Гуну жана Ричард Стивен менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар БУУнун Жашыл климат фондунун алкагында Кыргызстанга каралган 30 млн долларлык гранттык негизде берилүүчү акча каражаты тууралуу талкуу кылышты.

БУУнун Азык түлүк уюмунун өкүлү Вироел Гуну 30 миллион долларлык гранттын долбоору жөнүндө кеңири түшүндүрмө берди.  Анын айтымында акча каражаты Республикадагы 6 миң гектар суюлуп бара жаткан токойлорду, 644 миң гектар жок болуп бара жаткан жайыттарды калыбына келтирүүгө жумшалат.

“Аталган долбоордун жыйынтыгы Кыргызстандагы Жашыл жаратылыштын койнунда жашаган 90 миң үй-бүлөнүн турмуш тиричилигин жакшыртат”, – деди Вироел Гуну

Өз кезегинде депутат  Миргүл Темирбаева дүйнөнү кургакчылык каптап келе жатканын эске салып, БУУнун алдындагы Жашыл климат фондунун өкүлдөрүнүн жасап жаткан иш аракеттери Кыргызстан үчүн экологиялык, климаттык жактан чоң пайда алып келээрин белгилөө менен ыраазычылыгын айтты.

Эскерте кетсек долбоорго Министрлер кабинети 2022-жылдын 4-мартында кол койгон.  Аталган долбоор Нарын облусунун Ак-Талаа районуна, Жалал-Абад облусунун Сузак, Тогуз-Торо райондоруна, Ош облусунун Өзгөн районуна жайылтылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600