7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Депутат Айбек Маткеримов медицалык жайлардын абалы менен таанышты

652

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, аймактагы медициналык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгач облустук ооруканага барган эл өкүлү медициналык кызмат көрсөтүүнүн абалын жеринде көрүп, дарыгерлер жана бейтаптар менен баарлашты.

Муну менен катар Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр борборунун жана облустук төрөт үйүнөн да кабар алды. Белгилүү болгондой, төрөт үйү эки миңдей төрөткө ылайыкташтырылганы менен бүгүнкү күндө жыл сайын 7000дей төрөт кабыл алынат. Ал эми төрөлгөн ымыркайлардын 30%га жакыны ара төрөлүп жаткандыгына байланыштуу аталган төрөт үйү периниталдык борборго муктаж.

Эл өкүлү Айбек Маткеримов ооруканалардагы иш сапары тууралуу учкай кеп кылып, “Калкыбызга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын деңгээлин көрөлү деп мекемелерге баш бактык. Мен өзүм дарыгер болгондуктан, медицинада бүгүнкү күнгө чейин чогулуп калган маселелерди биргеликте чечели деген максатта иш алып баруудамын”, — деди.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 22-26-март күндөрү аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен иш алып барат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653