7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат УКМК менен ИИМдин мурдагы башчыларынын кармалбаганына кызыкты

570

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Орозбек Опумбаевге жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козголгон эмес жана издөө жарыяланган эмес.

Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында белгилүү болгондой, депутат Жусупбек Коргонбай уулу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринен мурдагы ИИМ жана УКМК башчылары тууралуу сурады.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев ИИМде мурдагы УКМК жана ИИМдин мурдагы башчыларына кылмыш ишин козгоого ыйгарым укугу жок экенин айтты. Өз кезегинде УКМКнын төрагасынын орун басары Рустан Мамасадыков атайын кызмат Жунушалиев менен Опумбаевге карата кылмыш ишин козгобогонун билдирди. Жыйынтыгында башкы прокурор Зулушев аталган күч түзүмдөрүнүн мурдагы башчыларына карата кылмыш иши козголбогонун ырастады. «Октябрь окуяларына байланыштуу бир гана кылмыш иши бар, ал ИИМ тарабынан иликтенип жатат» — деди ал.

Эскерте кетсек, Кашкар Жунушалиев 2016-2020-жылдар аралыгында Ички иштер министрлигин жетектеген. Өз кезегинде Орозбек Опумбаев 2019-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына дайындалган. 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин алар көрүнбөй калган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571