7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: Улуттук банктын жетекчилери өздөрүнө айына 1 млн сомдон ашык жаздырып алган

464

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Элдар Абакиров Улуттук банктын директорлор кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнө бир айда 1 млн сомдон ашык жаздырып алганын билдирди.

Абакиров мындай маалымат шайлоочулардан келгенин, ал маалымат агенттиктеринде жана Улуттук банктын өткөн жыл боюнча берген отчетунда дагы жазылганын айтты.

“2023-жылы 7 адамдын жалпы бонусубу, 84 млн сомдон ашыптыр. Мындай айтканда, киши башына айына 1 млн сомдон ашык. Албетте, профессионалдар жакшы айлык алыш керек. Бирок айына 1 млн сом мугалимдин айлыгынан 40 эсе көп болуп жатат. Бул 2023-жылы эле болуптур, мурунку жылдары мындай, 3-4 эсе аз болуптур”, — деди депутат.

465