7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар «Каркыра» өткөрмө пунктун 24 саат иштетүүнү колдоду

458

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргызстан өкмөтүнүн жана Казакстан өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорун Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев тааныштырды. Ал белгилегендей, макулдашууга «Каркыра-автожол» өткөрүү пунктунун «күндүзү» иштөө режимин «күнү-түнү» иштөө режимине алмаштыруу бөлүгү каралган.

«Каркыра-автожол» өткөрүү пунктунун иштөө режимине өзгөртүү киргизүү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү, ошону менен бирге ички жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү, инфра түзүмүн жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган», — деди ал.

459