7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар жайкы эс алууну кайсыл жакта өткөрүп жатат?

265

27-июнда Жогорку Кеңештин VII сессиясынын иши аяктап, депутаттар каникулга чыгышкан. Алар жумушка 1-сентябрда келишет. Ага чейин эс алып, шайлоочулар менен жолугат. Эл өкүлдөрү бул жылы 200дөн ашык мыйзам кабыл алган. Учурда депутаттар жайкы эс алууну кайсыл жактан кандай өткөрүүдө сарасеп салдык. 

Депутат Жанар Акаев Кара-Камыш жайлоосуна барып келди.

«Бүгүн сиздер менен мекенибиздин дагы бир керемет кооз жери менен бөлүшөйүн. Жеңиш досум экөөбүз дем алыш күнү Аксынын Кара-Камыш жайлоосуна бир күнгө барып келдик. Көкмөк көл, таза аба. Анан шаркыратманы жанынан көрсөңөр чынында укмуш. Муздак сууга түштүк. Бирок жолу бир аз начар. Тажрыйбалуу айдоочулар менен барган туура. Франция, Италия, Орусиядан келген туристтер жүрөт. Ички туристтер да толтура. Жолдору оңдолсо, келечекте туристтердин агылчу эле жер экен… Баарыңарга сергек жашоо!»,- деген ал.

Ал эми, Балбак Түлөбаев Суусамыр өрөөнүндө жүргөн сүрөттөрү менен бөлүшүп, кыргыз жерине суктанган.

«Кыргыздын жерине эмне жетсин»,- дейт депутат.

Сеид Атамбаев Италияда эс алууда. Соцтармактагы баракчасына балдары менен түшкөн сүрөттөрүн жүктөгөн.

Исхак Масалиев быйыл биринчи жолу алча мөмө бергенин айтып, мактанбасам тынч уктабайм деп тамашалап кеткен.

«7 жылдык дарактар… Быйыл биринчи жолу гилас мөмө берди. Бир ой келди, кийинки жылы КамАЗ менен Кадамжайга жөнөтсөмбү, ал жерде кымбат экен», — деп жазган ал.

 

 

 

 

 

266