Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын бир күндүк маянасын Чүй облустук милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкуловго которуп берүү сунушталды. Мындай сунушту депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.
«Генералыбыз Самат Курманкуловго барып келдик. Абалы абдан начар экен, аябай ыйлады. Кыйналганын айтып жардам сурады»,-деди депутат.
Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 2019-жылы 7-8-август күндөрү Кой-Таш окуясында башынан жаракат алган.