7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттык комиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук берди

713

Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия жабык жыйынында “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Жергиликтүү ЖМКлар маалымдагандай, мындай чечимди депутаттык комиссия бүгүнкү жыйынында кабыл алган. Эми бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралат.

УКМК азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

Эске салсак, башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттен Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук сураган. Эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча айыпталууда. Бул ишти иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, ар бир фракциядан бирден депутат кирген.

 

 

 

714