Бишкекте добуш сатып алууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран Бишкек шаарынын тургуну С.М.О.- Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жакын тууганы.
Ал эми, тергөөнүн маалыматы боюнча, ал Бишкектин бир нече райондук жана үй комитеттерин мыйзамсыз үгүт жүргүзүүгө жана добуш сатып алууга үгүттөгөн.
Шектүү 16-ноябрда акча таратып жүргөн жеринен кармалган. Андан тышкары, тинтүү учурунда анын унаасынан ири суммадагы акча жана дареги жазылган шайлоочулардын тизмелери табылган.
Аталган факты Кылмыш-Жаза кодексинин 192-беренесинин 2- бөлүгү (шайлоочуларды сатып алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Сурактын жыйынтыгы менен С. М. О. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.