Түркиянын Үй-бүлө иштери жана социалдык кызматтар министри Дерья Яныктын берген маалыматына ылайык, жер титирөөлөрдүн натыйжасында учурда 993 бала ата-энесиз калган, алар балдар үйлөрүндө.
Ал эми, 369 баланын ата-энеси аныкталып, балдар аларга өткөрүлүп берилген.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35 418 адамга жетип, 105 505 адам жарадар болду.