7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дин тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

487

Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Чынара Урумкалиева мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы чечимине, конституциялык принциптерге ылайык келтирүүгө багытталганын белгиледи.

Кыргызстанда жалпы 3 миң 445 дийин уюм бар. Анын ичинен ислам багытында — 3 миң 26, христиан багытында — 410 уюм, ошондой эле 1 иудей, 1 буддизм, 12 бахаи жамааты бар.
Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

12-берене. Дин ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандарды (миссионерлерди) эсептик каттоого алуу
3-бөлүм. Миссионер дин иштери боюнча мамлекеттик органга эсептик каттоого алуудан өтүш үчүн арыз берет.
4-пункт. Кыргызстанга миссионерди чакырышкан, диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында миссионердин иш-аракети үчүн мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси.

13-берене. Диний окуу жайды эсептик каттоого алуу
2-бөлүм. Диний окуу жайларды эсептик каттоого алуу үчүн уюштуруучу төмөнкүлөрдү берет:
4-абзац. Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) уставынын, диний уюм катары мамлекеттик каттоого алуу тууралу күбөлүгүнүн нотариалдык ырасталган көчүрмөлөрү;

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

488