УКМК Бишкек шаарында терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «ИГ» эл аралык террористтик уюмга тиешеси бар чет элдик жарандардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.
«Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Аталган чет элдик жарандар «А.Т.» жана «Д.Н.» «ИГ» эл аралык террористик уюмуна ант беришип, террористтик акцияларды уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын калкынын диний бөлүгүнүн арасында үгүт иштерин жүргүзүшүп, жакынкы аралыкта Сириянын куралдуу чыр-чатак аймагына жарандарды жиберүүнү көздөшдүгү аныкталды,»-деп жазылат.
Азыркы учурда УКМК эл аралык терроризм уюмунун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар жарамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштерин улантууда.