7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Диний кастыкты козуткан материалдарды тараткан жаран кармалды

501

Экстремисттик аракеттерге каршы жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, диний кастыкты козутууга багытталган материалдарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча К.С. аттуу жаран өзүн көз карандысыз укук коргоочу (юридикалык билими жок) катары көрсөтүп, анын пикиринде “кысымга учураган” динчилдердин, блогер катары активдүү болуп, социалдык тармактардагы (YouTube, Telegram, Instagram) каналдары аркылуу ал экстремисттик аракеттерди актоого жана мамлекеттик органдардын беделин түшүрүүгө багытталган материалдарды үзгүлтүксүз жарыялап турган.

Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга байланыштуу улуттар аралык кастыкты козуткан, диний кастыкты козутуучу жана согушту үгүттөө белгилери бар материалдарды тарата баштаган.

Кылмыш ишинин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренесинде каралган козголгон кылмыштын негизинде кармалып УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

502