Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын салттуу жаа атуу боюнча курама командасынын мүчөлөрү байгелүү орундарды ээлешти.
Исхак Токонов үчүнчү орунду, ал эми Асел Садырбекова финалда россиялык спортчуга утулуп, күмүш медалга татыды.
Жалпысынан жаа атуу боюнча Кыргызстандын командасынын курамында 10 спортчу болгон.