7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ДКО-2024: Көкпар оюнунан кийин негатив видео тараткан жаран кечирим сурады

445

Казакстан Республикасындагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө өткөрүлгөн ат оюндарынын фонунда боордош элдердин ортосунда улут аралык кастыкты козутуу боюнча айрым деструктивдүү элементтердин аракеттерин аныктады.

       Алсак, «Фейсбук» социалдык тармагында «Косай Сүйүнкулов» аттуу интернет колдонуучусу “КАМАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу, КР жараны Казакстандын желегин демонстрация менен түшүрүп жаткан видеороликти таратып, бул социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан ар кандай пикирлерди жараткан.

       Аталган видеонун автору КР жараны 2003-жылы туулган С.У.С экени аныкталган.

Түшүндүрүү-профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, жаран эмоционалдык аракеттерди жасагандыгын мойнуна алган.

       КР УКМК жарандарды провокацияга алдырбоого жана эки өлкөнүн боордоштук жана достук мамилелерине залакасын тийгизиши мүмкүн болгон спорттук оюндарга байланыштуу мындан аркы ининуацияларды, чакырыктарды жана ар кандай карама-каршы аракеттерди токтотууга чакырат.

446