Бүгүн, 21-сентябрь күнү, Жалал-Абад шаарында залкар акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештин депутаттары, шаар тургундары, коноктор катышты.
Иш-чарада сахналаштырылган көрүнүш, концерттик программа тартууланып, көргөзмө-жарманке уюштурулду.