2024-жылдын 15-сентябрдан 21ине чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу Бакытбек Жумагулов менен маек.
– Акыркы жылдары 5С+1 деген форматтагы бир нече жолугушуу болуп өттү, анда беш Борбор Азиялык жумурияттын жетекчилери дүйнөдөгү кайсы бир улуу дөөлөттүн өкүлдөрү менен жолугуп, өз ара кызматташуу маселелерин талкуулайт. Акыркы мезгилде Борбор Азия жетекчилери ушундай тартипте Жапония, Кытай, Орусия, Евробиримдик жана акыркысы – 17-сентябрда Астана шаарында Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолукту. Германия азыр дүйнөдөгү үчүнчү экономика, ошондуктан бул жолугушуу өтө маанилүү. Канцлер менен кошо Астанага көптөгөн немис бизнесмени дагы келген жана жашыл экономика боюнча сүйлөшүүлөр болгону да маанилүү.
– Аптада Кыргызстандын сот системасынын 100 жылдыгы белгиленди. Азыр Жогорку сот тарабынан системаны реформалоо жана ондоп-түзөө аракеттери көрүлүп жатат, муну кубаттоо гана керек, бирок өлкөнүн соттору чыныгы өз алдынча жана көз карандысыз бийлик бутагы болду дегенден биз азырынча алыспыз. Дагы көп нерсе жасалыш керек, бирок аракеттер көрүлүүдө жана бардык деңгээлдеги соттор тиги же бул саясий топтордун кызыкчылыгында эмес, жалпы коомдук кызыкчылыкта жана мыйзам үстөмдүгүн орнотуу максатында аракеттенүүгө мезгил жетти десе болот.
– Өтүп бараткан апта ичинде айрым депутаттар – милиция кызматкерлеринин аракеттерин видеого тартууга тыюу салуу сунушу менен чыкты. Аны түшүнсө болот – кээ бир блогерлер же башка жарандар, милицияны мазактаган видеолорду тартып-таратат, бирок милиция өлкө менен коомдо тартип орнотууга милдеттүү, ошондуктан, эгер алар ошол милдетин аткарып жатканда аларды мазактоо же шылдыңдоо – жосунсуз иш. Ошол эле учурда милициянын өзүндө дагы коррупциялык көрүнүштөр толук жоюла элек, ошондуктан бул туура аракет жөн гана ошондой терс көрүнүштөрдү жашыруу максатында дагы колдонуп кетиши мүмкүн. Бул багытта өтө кылдат аракеттенип, жалпы коомдук кызыкчылыкты корпоративдик кызыкчылыктан өйдө коюш керек…