7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дмитриевкадагы атышууда чет өлкөлүк 18 жарандын документтери күйүп кеткен

1009

Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында болгон окуяда кылмышкер менен коңшу батирди убактылуу ижарага алып жайгашкан чет өлкөлүк 18 жарандын документтери күйүп кеткен.

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациядан билдиришкендей, райондун акими Алмазбек Осмонов чет өлкөлүк жарандар менен жолугушуп, аларды Кант шаарындагы жатаканага убактылуу жайгаштырган.

«Аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоо жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынды. Чет өлкөлүк жарандардын бирөө Белоруссиянын, калгандары Россиянын жарандары. Алар Кыргызстанга өз алдынча тоого чыгып эс алуу үчүн келишкен»- деп берилет маалыматта.

Алар Россия, Белорусия элчилиги менен байланышып, документ маселелери чечилгенге чейин жатаканада жашашат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1010