Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди.
Боксчуну тосуп алып жаткан видео соцтармактарга тарады. Анда спортчуга калпак кийгизип, чапан жабышкан.
Эске салсак, бул Биволдун Эр-Риядда атаандашы Артур Бетербиевди реванш-кармашта жеңип дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгондон бери Бишкекке биринчи ирет келиши.
Мурдараак Кыргызстанга барып, күйөрмандарына ыраазычылык билдирип жана ысымы коюлган спорттук залды көрүп кетерин айткан эле.