28-ноябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын кол менен эсептөө 6-декабрда аякташы мүмкүн, себеби кол менен саноо көп убакытты талап кылат. Ал эми мыйзам боюнча БШК 16-декабрда шайлоо жыйынтыгын жарыялашы керек.
Кол менен эсептөөнүн жыйынтыктары БШКнын расмий сайтында жаңыланууда. Ал эми 1 саатта орточо эсеп менен 7000ге жакын добуш саналат. Буга чейинки шайлоолордо партиялар канча добуш алганы эле эсептелинген болсо, бул ирет алгач бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлердин канча добуш алганын санап, тактап, протоколго кол коюлуп, ар бир талапкердин байкоочуларына бирден көчүрмө мөөр басылып берилүүдө. Андан соң партиялык тизмени саноо жүрөт.
30-ноябрга ылайык алдын ала жыйынтыкты сайттан билип турууга болот.