7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Догдуркүл Кендирбаева билим министринин коомдогу кеңешчиси болуп дайындалды

282

Догдуркүл Кендирбаева билим министринин коомдогу кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министринин буйругу менен бүгүн билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп бекитилди.

Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна, 1965-жылы туулган, жогорку билимдүү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.


Кыргыз мамлекеттик университетин “тарых жана коомдук сабактар мугалими” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн.


Эмгек жолу:
2014 ноябрь – бүгүнгө чейин: «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунда аткаруучу директор;
2012 июль – 2014 сентябрь: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
2007 ноябрь – 2012 июль: Ысык-Көл областтык билим берүү институту. Ысык-Көл областтык билим берүү уюмдарынын директору, координатору;
2004-2007: Ысык-Көл областтык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси;
2003-2004: Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары;
2002-2003: Мугалимдерди өркүндөтүүнүн областтык институтунун лабораториясынын башчысы;
2001-2002: Балдарды сактагыла (Улуу Британия) — АБР; АБРдин «Коомдоштуктардын деңгээлинде кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» долбоорунун билим берүү боюнча областтык консультанты;
1997-2001: Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту. Областтын мектептерин башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча лаборатория башчысы;
1987-1997: Жети-Өгүз районунун Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин тарых жана экономика боюнча мугалим;
1982-1985: “Оргочор” асыл тукум мал заводунда жумушчу.
Чет өлкөлөрдөгү стажировкалар жана окуу, ошондой эле сүйлөгөн сөздөр жана баяндамалар:
2019-ж. Армения. Санариптик технологияларды киргизүү боюнча инновациялык билим берүү уюмдарынын тажрыйбасын изилдөө.
2018-ж. Түркия. Мектепке чейинки уюмдардын ишинин тажрыйбасын изилдөө.
2017-ж., июль. АКШ, Нью- Йорк. БУУ. «Диаспора өнүгүүдө» деген баяндама менен сөз сүйлөө.
Казакстан. Алмата. ЮНЕСКОнун билим берүү боюнча субрегионалдык конференциясында баяндама менен сөз сүйлөө.
2016-ж., сентябрь. Үрүмчү, Кытай. Жибек жолунун боюндагы өлкөлөр арасында Лидер айымдардын биринчи форумунда баяндама менен сөз сүйлөө.
2016-ж., апрель. Индия. Билим берүү системасында МКТны колдонуу тажрыйбасын изилдөө.
2015-ж. Астана. КМШга катышкан өлкөлөрдүн гуманитардык кызматташтыгынын Эл аралык фондунун Форумунда баяндама менен сөз сүйлөө.
2015-ж. Москва. Старт АП балдар үчүн билим фестивалына катышуу.
2015-ж. Москва. Жибек жолунун II Эл аралык Маданий Форумуна катышуу.
2015-ж. Польша. Аялдардын VII Конгрессине катышуу.
Ачык билим берүү ресурстары боюнча жана китеп окуу боюнча тажрыйбаны изилдөө.
2015-ж. Кытай, Гуанчжоу. Мектептеги, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү тажрыйбасын изилдөө.
2014-ж. Тажикстан. Инклюзивдик билим берүү боюнча конференция.
2014-ж. Молдова, Кишинев. Интернат мекемелерди оптималдаштыруу боюнча окутуучу тур.
2014-ж. Швейцария. Баланын укуктары боюнча конвенцияны ишке ашыруу боюнча БУУга КРнын отчету.
2014-ж. Россия, Санкт- Петербург. Баалоо боюнча эл аралык семинар.
2013-ж. Грузия, Тбилиси. Интернат мекемелерди оптималдаштыруу боюнча тажрыйбаны изилдөө.
2013-ж. Израиль, Тель-Авив. Баалоо боюнча эл аралык семинар.
2013-ж. Тажикстан. ДМЧ балдардын көйгөйлөрү боюнча.
2012-ж. ноябрь, Индонезия. Мектептердин коопсуздугу боюнча өкмөттүк жолугушуу.
2012-ж. сентябрь, Түркия. Билим берүүнүн жетишкендиктери жагынан БА өлкөлөрүнүн тажрыйбасын изилдөө жана алмашуу.
2011-ж. декабрь, Литва. Мектепке чейинки мекемелердин тажрыйбасын изилдөө.
2010-ж. май. АКШнын Түндүк Каролина штаты. Мектепте билим берүү системасынын тажрыйбасын изилдөө боюнча стажировка. «Билим берүү мекемелеринин жергиликтүү бөлүмдөрүн чыңдоо».
2005-2006-ж. Санкт-Петербург. Эл аралык экономикалык мектеп. Экономика боюнча мугалимдер үчүн курстар.
АКШнын Экономикалык билим берүү улуттук кеңеши. (НСЭО).
2005 – 2006-ж. Киев, Украина. Экономика боюнча мугалимдер үчүн курстар. Эл аралык экономикалык мектеп.
АКШнын Экономикалык билим берүү боюнча улуттук кеңеши. (НСЭО).
2004 – 2005-ж. Экономика боюнча мугалимдер үчүн курстар. Москва Эл аралык экономикалык мектеп.
АКШнын Экономикалык билим берүү боюнча улуттук кеңеши. (НСЭО).
2003-ж. Самара, Россия. Билим берүү уюмдарын киши башына финансылоо боюнча окуу семинары.
2003-ж. ЮСАИД жана АКШнын Билим берүү академиясы аркылуу өткөргөн Алматыдагы экономика боюнча «Жаштардын жетишүүлөрү» эл аралык тренинги.
2001-ж. Польша, Варшава. ОБСЭ. «Адам укуктары боюнча семинар конференция». КРдагы балдардын абалы боюнча баяндама.


Сыйлыктар жана башкалар:
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы. — 2002-ж.
Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы. — 1996
Каракол шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы. — 2008
Россиянын КРдагы Элчилигинин Ардак грамотасы – Ыраазычылык каты.
Областтык мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары. — 1996- 2010.
Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги -1996.
«Кыргызстан аялдары айылды өнүктүрүүдө» эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү. ПРООН- ЮНИФЕМ-2006-ж.
Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн – Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия боюнча коомдоштуктун базасында кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча новатордук идеялар конкурсунун жеңүүчүсү. — 2003-ж.
«Жылдын мыкты мугалими — 96» областтык, республикалык конкурсунун жеңүүчүсү.
«Дилгир» эл аралык сыйлыгынын лауреаты — 2002-ж.


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

283