7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Долон ашуусундагы кар көчкү тазаланууда

1153

Бүгүн, саат 12:00гө карата Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкүнүн 19 170 м3 көлөмү тазаланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 17-март күнү саат 10:30дар чамасында Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, каттам токтогон. Унаа жолдун 294-чакырымы (Долон ашуусу) жалпы көлөмү болжол менен 225 000 м3 кар көчкү түшүп, анын 47000 м3 көлөмү жолго түшкөн.

Түшкөн кардын бийиктиги 15-20 метр, узундугу 200-250 метрди түзөт. Жабыркагандар жок. Учурда жол убактылуу жабык, тазалоо иши жүрүүдө.

Жерине 25 куткаруучу, 2 жүктөгүч, ЖТИден 9 жүктөгүч, 1 Isuzu үлгүсүндөгү кар түртүүчү техника тартылган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1154