«Долондон канатымды кайрып алдым» ырынын автору Жолдошбек Бузурманкулов дүйнө салды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
«Каргашалуу өлүм биздин катардан өз өмүрүн бүт милиция кызматына арнаган татыктуу офицерден айрыды», — деп жазылат маалыматта.
Ал өз кызматын абийирдүү аткарып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кадыр-баркы жогору болгон.
Жолдошбек Карабалаевич Бузурманкулов 1947-жылдын 2-октябрында Талас областынын Талас районундагы Кең –Сай айылында туулган.
Кыргыз мамлекеттик университетин жана СССР ИИМдин Карагандадагы жогорку мектебин аяктаган. Ички иштер органдарына Жолдошбек Карабалаевич Фрунзе шаарынын ИИБдин Ведомстволук милициясынын өзүнчө взводунун 2 разряддагы милицияонери болуп келген. Бир жыл өткөн соң, Фрунзе шаарынын Свердлов районунун аткаруу комитеттинин ИИБдин бириктирилген дивизиондук бөлүмчөсүн жетектеген. Андан кийин Октябрь РИИБнин бириктирилген дивизионунун бөлүмчөсүнүн взводдун командири, КССРнин ИИМдин Коомдук тартипти сактоо башкармалыгында улук тескөөчүсү, Фрунзе шаарынын аткаруу комитетинин ИИБдин алдындагы ведомстволук эмес күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары, Октябрь районунун аткаруу комитетинин ИИБдин башчысынын орун басары, 1991-жылы ИИМдин “Бетме Бет” газетасында редактордун орун басары, 1993-жылдан 2004-жылга чейин ИИМдин Басма сөз кызматынын башчысы болуп эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан . Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүндө иштеп жүргөн.
Өз кесибинин мыктысы, милициянын отставкадагы полковниги Жолдошбек Бузурманкулов ИИМдин бардык сыйлыктары менен сыйланган. Көптөгөн чыгарчылык сынактардын жеңүүчүсү, журналист, котормочу, бир нече китептин автору болгон. Эмгек жолунун 36 жылын милицияга арнаган. 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Жолдошбек Бусурманкулов даңазалуу «Долондон канатымды кайрып алдым» («Илиястын ыры»), «Жүрөккө сүйүү из салса» сыяктуу ондогон обондуу ырлардын сөзүн жазган.