“Дордойдун” аймагындагы «Оберон» базарында май токоч саткан контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 13:09дан тарта 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 13:45те чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.
Алдын ала маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты 70 чарчы метрди түзөт.