7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Дженго» кайманы аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

1016

“Дженго” деген кайманы ат менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунда К.Досоновдун (“Дженго” деген кайманы ат менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү О.Н.Ж. жана анын шериктери кармалды.

Аталган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган.

Кармалган адам Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1017