7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Дженгонун” алдында алынган жерде жайгашкан оорукана мамлекетке өттү

183

Мыйзамсыз алынган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы “Дженго” каймана аттуу Кадырбек Досонов уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана түштүк региону боюнча “положенец” учурунда 2022-жылы кылмыш жолу менен алынган каражатка Ош облусунан имараты бар жер тилкесин алып, кийин башка жаранга каттатканын аныктаган.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1972-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда Кадырбек Досоновдун мыйзамсыз кирешелерин легалдаштыруу фактыларын аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен жогорудагы жеке оорукана курулган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

 

184