2020-жылдын 1-ноябрында Д.А. аттуу жаран М. аттуу чала таанышына чара көрүү өтүнүчү менен Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына кайрылган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кылмышка шектүү үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Байтик Баатыр жана Кулатов көчөлөрүндө «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү автоунаа сатып берем деп алдамчылык жол менне 15 миң доллар алган. Андан соң убадасын аткарбай из жашырып кеткен.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси боюнча (Алдамчылык) сотко чейинки өндүрүш башталды.
«Издөө иш-чараларынын жүргүзүү учурунда Октябрь РИИБдин шаардык милициясынын үчүнчү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалды. Ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп берилет маалыматта.