7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эң атактуу донор 1173 жолу донорлук жасаган

558

Дүйнө жүзү боюнча ар кандай курактагы жана социалдык чөйрөдөгү көптөгөн адамдар кан куюуга муктаж болушат. Көпчүлүк үчүн бул өмүр менен өлүм маселеси. Кан жана кан азыктарын берүү жыл сайын биздин планетанын миллиондогон тургундарын сактап калууга мүмкүндүк берет.

Башкаларга канын берген адамдарга ыраазычылык билдирүү, ошондой эле жаңы донорлорду тартуу үчүн 2004-жылдын 14-июнунда донордук күн белгиленип баштаган.

Дата кокусунан тандалган эмес: дал ушул күнү австриялык дарыгер жана иммунолог Карл Ландштейнер төрөлүп, 1930-жылы адамдын кан топторун ачкандыгы үчүн Нобель сыйлыгын алган. Кан жөнүндө кызыктуу фактыларды бул макаладан окуңуз.

• “Донор” деген сөз латын тилинен алынып, кыргызча “берүү” деп которулат.
• Чоң адамдардын организминде 5 литрге, ал эми жаш балдырдыкында 3 литрге жакын кан болот.
• Эритроциттер канга кызыл түс беришет, аларга болсо темирди камтыган гемоглобин кызыл түс берет. Адамдын организми өмүр бою болжол менен 650 кг кызыл кан клеткаларын өндүрөт.
• Эгер адамдын бардык кан тамырын бириктирсе алар 200 миң кмге барабар болот.
• Эң атактуу донор өмүр бою 1173 донорлук жасаган.
• Үзгүлтүксүз донорлор жүрөк-кан тамыр ооруларына азыраак чалдыгышат жана башка адамдардан орточо эсеп менен 5 жылга узак жашашат.
• Донорлордун кан клеткаларынын үзгүлтүксүз жаңыланып турушу иммундук системанын, боордун, уйку безинин, тамак сиңирүү системасынын туруктуу иштешине өбөлгө түзөт.
• Жапондордун айтымында, кан тобу зодиак топ жылдыздарына караганда адамдын мүнөзүн жана жеке өзгөчөлүктөрүн көбүрөөк аныктайт.
• Бир жолу кан тапшыруу үчүн талап кылынган убакыт (керектүү документтерди толтуруу жана алдын ала анализдер менен бирге) адатта бир сааттан ашпайт.
• Донордун денесинен болжол менен 350-450 мл кан алынат. Донордук кылуу үчүн жетиштүү кан бар болгондуктан, адамдын денесине эч кандай терс таасир тийбейт. Процедурадан кийин организм берилген канды толуктап, жаңы кан пайда кыла алат.
• Өзгөчө кырдаалдарда бир адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн үч донордун каны керек болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

559