ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-октябрда “Чоң-Капка-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан КР М.С.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү жүк ташуу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктар чыккан.
Учурда бул факты боюнча милдеттүү салыктык төлөмдөрдү төлөбөй коюдан тарткан зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.