7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЕАЭБдин чек арасында мыйзамсыз алып өтүүнүн жоопкерчилиги күчөтүлдү

15

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тиешелүү өзгөртүүлөр КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилди. Анда айып пулдардын өлчөмү жеке жактар үчүн 10 000 сомдон 20 000 сомго чейин, юридикалык жактар үчүн 28 000 сомдон 65 000 сомго чейин жогорулатылды.

Жыл ичинде мыйзам бузуу кайталанган учурда айып пулдардын өлчөмү жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 40 000 сомго чейин, юридикалык жактар үчүн 65 000 сомдон 100 000 сомго чейин белгиленди. Ошондой эле мыйзамсыз алып өтүлгөн товарларды конфискациялоо каралган.

Акыркы мезгилде «Ак-Жол» товарларды эсепке алуу пункту аркылуу көзөмөлдү айланып өтүү максатында жеңил унаалар менен документтери жок товарларды алып кирүү аракеттери көбөйдү. Мындай товарларга косметика, биологиялык активдүү кошулмалар (БАДдар), дары-дармектер, тамеки буюмдары, уюлдук телефондор, вейптер жана электрондук тамекилер кирет.

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат. Бул жоопкерчиликке тартылуудан, айып пул салуудан жана башка таасир этүү чаралардан сактанууга мүмкүндүк берет.

16