7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЕБ Кыргызстанга сапаттуу билим берүүнү колдоо үчүн 6,5 млн евро бөлдү

271

Европа Биримдиги (ЕБ) билим берүү тармагын колдоо максатында Кыргызстандын өкмөтүнө гранттык негизде 6,5 миллион евро же болжол менен 663 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик жардамды которду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ЕБнын колдоосу Агартуу министрлигинин илим, технология, инженерия жана математика (STEM) багытындагы ишмердүүлүгүн колдоого, санариптик сабаттуулукту, медиа сабаттуулукту жана “жашыл көндүмдөрдү” илгерилетүүгө, ошондой эле заманбап жаңы окуу китептери менен камсыздоого жардам берүүгө багытталган.

Бул транш Кыргызстандагы “Алтын Казык” улуттук билим берүү программасын ишке ашыруунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан бөлүнгөн жалпы 27 миллион евронун үчүнчү төлөмү болуп саналат.

272