7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын миссиясы менен саламаттык сактоо маселесин талкуулады

582

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.

Эдил Байсалов Дүйнөлүк банк менен натыйжалуу кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана COVID-19 пандемиясы учурунда республикага көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирди. Ал белгиленген программаларды жана долбоорлорду мындан ары карай ишке ашырууга даяр экендигин баса белгиледи.

Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви өз ара кызыкчылык туудурган жана өлкө үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөрдө кызматташууну улантууну жактай тургандыгын белгиледи. Тараптар милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун чыңдоо, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, калкты медициналык тейлөө менен камтууну кеңейтүү, дары-дармектердин баасын, эмдөөлөрдүн темпин жөнгө салуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын делегациясынын Дүйнөлүк банктын жазгы кеңешмелерине катышуусуна даярдыктарын талкуулады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

583