7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов Эл аралык миграция уюмунун башкы директору менен жолугуп кандай маселелерге токтолду?

765

Министрлер кабинетинин орун басары  Эдил Байсалов Женева шаарына (Швейцария Конфедерациясы) жумушчу сапарынын алкагында Эл аралык миграция уюмунун башкы директору Антонио Виторино менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Эл аралык миграция уюмунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин, анын ичинде эл аралык миграциялык саясат чөйрөсүнө, эмгек миграциясына жана адам сатууга каршы күрөшкө тиешелүү маселелерди талкуулашты.

Министрлер кабинетинин орун басары  Кыргызстандын жарандарынын эмгек миграциясынын географиясын кеңейтүү маселесине токтолду. Атап айтканда, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө эмгек миграциясынын жаңы багыттарын илгерилетүү маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Эл аралык миграция уюмунун башкы директору тараптардын эки тараптуу кызматташуу деңгээлине оң баасын берип, миграциялык саясатты өнүктүрүүчү демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

766