7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов менен Билал Эрдоган этноспорттун келечегин талкуулашты

303

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Эдил Байсалов Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган менен жолугушту.

Жолугушуу Анталияда өткөн VIII Эл аралык этноспорт форумунун алкагында орун алды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү алкагында өнөктөштүк кызматташуунун негизги маселелерин, ошондой эле эл аралык деңгээлде этноспорт тармагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Салттуу спорттун түрлөрүн жана маданий мурастарды бириктирген глобалдык платформа катары оюндардын координациясын чыңдоого, катышуучулардын географиясын кеңейтүүгө жана уюштуруу деңгээлин жогорулатууга өзгөртө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, форумдун алкагында алдыңкы эл аралык спорт ассоциацияларынын жана катышуучу өлкөлөрдүн федерацияларынын өкүлдөрү менен бир катар жумушчу жолугушуулар болуп өттү. Анын жүрүшүндө алардын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу маселелери, анын ичинде өз ара аракеттенүү форматтары, уюштуруу аспектилери жана улуттук командалардын өкүлчүлүгүн кеңейтүү талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында системалуу координацияны улантуу жана кызматташуунун конкреттүү багыттарын иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.

304