7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов Россиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты

755

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарына жумушчу сапарынын алкагында (Швейцария Конфедерациясы) Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) Регионалдык форумунун жабылышында жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Министлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Өз сөзүндө Эдил Байсалов Россия Федерациясынын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары комиссияга мүчө 56 мамлекеттин делегациясын комиссиянын Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыктын көпүрөсү катары ишинин тарыхый мандатын сактап калууга чакырды.

«Төрага катары мен сиздерди Европа экономикалык комиссиясынын өзгөчө ролун жана мандатын сактап калууга жана коргоого чакыргым келет. Бардык трагедиялуу жагдайларга, тараптардын позицияларынын кагылышына жана эмоциялардын күчөшүнө карабастан, биз БУУ ЕЭКти диалог аянтчасы жана кызматташтык көпүрөсү катары сактап калышыбыз керек. Акыркы 75 жыл ичиндеги чыңалуу мезгилдеринде биздин өлкөлөр уюмдун өзгөчө мандатын жогору баалап келген. Комиссиянын негизги мүчөлөрүнүн биринин катышуусун чектөө баарыбызды чектейт», — деди Эдиль Байсалов.

Белгилей кетсек, БУУ Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) 1947-жылы 28-мартта БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңеши (ЭКОСОС) тарабынан аймактын ичиндеги экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн. БУУ ЕЭК Бириккен Улуттар Уюмунун беш аймактык экономикалык комиссиясынын бири болуп саналат жана штаб-квартирасы Женевада жайгашкан.

Жумушчу тилдер катары француз, англис жана орус тилдери саналат. Уюмга 56 мамлекет Европа өлкөлөрү, АКШ, Канада, Түркия Республикасы, Израиль мамлекети жана Борбор Азия өлкөлөрү кирет. Кыргызстан 1993-жылдын 30-июлунда Комиссиянын толук кандуу мүчөсү болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

756