Орусиянын Тогучин шаарындагы Низовка айылында турак үйдөн чыккан өрттөн эки бала каза болду. Бул тууралуу Россия Федерациясынын тергөө комитети билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өрт чыккан үйдө көп балалуу үй-бүлө жашаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт учурунда атасы мас болгон, ал жабыркаган эмес. Ал эми балдардын апасы жумушта болгон.
Өрттүн кесепетинен 2006-жылы туулган кыз жана 2008-жылы туулган бала каза болуп, 2011 жылы туулган кыз аман калган. Ал учурда ооруканага жеткирилип, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп, 1968-жылы туулган жаранга карата РФ Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинин (Этиятсыздыктан эки адамдын өлүмү) 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.