7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов Түркияга иш сапары менен барды

21

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түркияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Эдил Байсалов Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолугушту. Байсалов Кыргызстандын жетекчилигинин атынан 2025-жылдын 11-ноябрында Түркиянын аскердик-транспорттук учагынын кыйрашынын натыйжасында адам курмандыктарына байланыштуу түрк тарапка көңүл айтты.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин кеңири талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2025-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча эки өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун ишин активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Сапардын алкагында Эдил Байсалов Түркиянын саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен да жолугушту. Тараптар саламаттык сактоо, медициналык билим берүү жана илимий изилдөөлөр жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, Анкара шаарында Эдил Байсалов Түркиянын радио жана телекөрсөтүү корпорациясынын (ТРТ) башкы директору Мехмет Захид Собаджы менен жолугушту.

Сапардын аягында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Түркия президентинин администрациясынын аймагында жайгашкан «Beştepe Millet Ormanı» паркына барды. Бул паркта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров түрк тарапка эки өлкөнүн элдеринин достугунун белгиси катары белекке берген кыргыз улуттук боз үйлөрүн орнотуу пландаштырылууда.

22