7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов Жапонияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

360

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жапония өкмөтүнүн өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуу Эдил Байсаловдун Осака шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк ЭКСПО-2025 көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышуу үчүн Жапонияга иш сапарынын алкагында орун алды.

Минкаб төрагасынын орун басары Жапониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсимаса Хаяси менен жолугушуп, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

JICAнын улук вице-президенти Сачико Имото менен да жолугушуу болду. Тараптар билим берүү, саламаттыкты сактоо, кадрларды даярдоо жана туруктуу өнүктүрүү тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Эдил Байсалов JICAнын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

361