7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткенде 3 ишкана ишке берилет

311

Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен районунда 3 өндүрүш ишканасы ишке кирет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Президенттин өкүлү Айбек Шаменов жаңыдан бүткөрүлгөн өндүрүш ишканаларынан кабар алды. Самаркандек айылындагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цехи. Цех суткасына 5 тонна мөмө-жемишти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ишканада 30 жумуш орду түзүлөт. Долбоордун жалпы наркы 16 млн сом.

Ак-Татыр айылындагы желим идиштерди чыгаруучу жана кайра иштетүүчү цехи. Долбоордун жалпы наркы 52 млн сом. 30 жумуш орду түзүлөт.

Ишканада тамак-аш азыктары үчүн жогорку сапаттагы чийки заттан желим жана кагаз идиштери чыгарылат. Ошондой эле желим идиштер кайра иштетилет.

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы мөмө жемиштерди тоңдуруп сактоочу цехи (ваакуумдук муздаткыч).
500 тонна мөмө жемиштерди сактоого ылайыкташкан. 5 жумуш орд түзүлөт.
Долбоордун жалпы наркы 22 млн сом.

 

 

312