Египеттин Дахаб курортунда акула турист кызга кол салды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка караганда, акула кызга кол салгандан соң, жабырлануучунун колун кесип салууга мажбур болушкан. Окуянын күбөсү дагы орусиялык басылмага бул боюнча айтып берген. «Мен акула кызга кол салып, анын ийинин тиштеп алганын уктум. Андан кийин кайыктардын баары акуланы эки сааттай кууп жүрүштү. Алар акуланы кармай алган жок, болгону аны кууп салышты»- деген күбө.
Еипеттин айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги жабырлануучу бул өлкөнүн жараны экенин жана ага керектүү жардам көрсөтүлүп абалы туруктуу экенин билдиришкен.