7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Египетте өтүп жаткан эл аралык мелдеште Айсулуу, Айпери, Мээрим күчүн сынайт

938

Бүгүн, 24-февралда кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде күчүн сынай баштайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында франциялык Амелин Дуар менен күрөшөт. Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта болгариялык Юлиана Яневага каршы, ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмакта германиялык Франци Рейделт менен күч сынайт.

Белгилей кетсек, мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Буга чейин, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов жана Раззак Бейшекеев коло медаль утту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

939