28-январында Екатеринбург шаарынын Железнодорожный районунда дайынсыз жоголгон он бир жаштагы бала табылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-январда полицияга баланын жоголушу боюнча ата-энеси арыз менен кайрылып, 30-январда КРнын Башкы консулдугуна кайрылышкан.
Баланы издөөгө милиция кызматкерлеринен тышкары волонтердук уюмдар, кыргызстандык мекендештер, башкы консулдуктун кызматкерлери да кошулган.
Жоголгон баланы ыктыярчылар таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Табылган баланын ата-энеси РИИБге чакырылган.